Алимент төлөбөгөндөргө карата жоопкерчиликти катуулатууну сунушташты

Парламентте алимент төлөбөгөндөргө карата жоопкерчиликти катуулатууну сунушташты. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламент комитетинин жыйынына "Республика" фракциясынын депутаты Элмира Жумалиева алып чыкты.

Мыйзамда ошондой эле жаш балдардын эмгегин пайдалуунуда да жоопкечиликти катуулатуу каралган.

Жумалиеванын айтымында, ата-энеси тарабынан ташталган балдар интернаттарда жана балдар үйүнө барышат. Ал эми ташталган ата-энелер – карылар үйүнө. Ал ошондой эле алиментти талап кылып алуу жаш балдар менен карыларды багууда мамлекеттик актуалдуу социалдык саясатка айланганын кошумчалады. "Мыйзам боюнча эки түр жоопкерчилик каралган. Жарандык-укуктук. Ал убагында алимент төлөбөгөндөргө колдонулат. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилиги. Бул алимент төлөөдөн баш тартууда колдонулат. Эгер айыпталуучудан алимент боюнча карыздарын алуу мүмкүн болбой атса, анда айып салуу сыяктуу жаза эч кандай жыйынтык алып келбейт", - дейт Жумалиева.

Ал мыйзам долбооруна бир канча сунуштар келип түшкөнүн жана анын ичинде айыпты үч эсе көбөйтүү керектиги да сунушталганын кошумчалады.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова эгерде аны ишке ашыруу мехнизмдерин жакшы иштеп чыкпаса аталган мыйзам долбоору иштебей турганын айтты. "Алимент боюнча карызы барлардын айлыгынан эле дароо кармап калуу мүмкүнчүлүгү барбы? Эгер ал чет жакта болсо, анда өлкөгө келгенде алууга болобу? Көпчүлүк аялдар расмий түрдө ажырашпайт жана балдаранын атасы каякта жүргөнүн да билишпейт", - дейт депутат.

Мыйзам долбоорун талкуулоонун соңунда бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү менен биринчи окууда жактырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД