Бүгүн Кыргызстандын 9 бильярдчысы Кремль кубогуна ат салышат

Кыргызстандык 9 бильярдчы Москвада өтө турчу эларалык Кремль турнирине катышат.

Пирамида боюнча европалык комитеттин расмий сайты билдиргендей, аталган турнирде Кыргызстандын намысын Каныбек Сагынбаев, Качкынбай Нурумбетов, Канат Сыдыков, Кубанычбек Сагындыков, Зайлан Адамов, Ызатбек Раатбеков, Камолиддин Есиддинов, Азиз Мадаминов жана Улукман Карагуловдор коргойт.

Жалпысынан турнирге Орусия, Кыргызстан, Украина, Өзбекстан, Молдова, Казакстан, Белорусия, Азербайжан, Армения жана Чехиядан 236 спортчу катышат.

Финалдык беттешүү 3-ноябрга белгиленген. Мелдештин байге фонду – 1,5 млн рублди түзөт. Биринчи орунду алган бильярдчыга 320 миң рубль ыйгарылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД