БШК: Шайлоочулар тизмеден өздөрүн текшерүүдө активдүүлүгүн көргөзбай атат

Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолорго даярдык көрүүдө калктын активдүүлүгү жоктугунан көйгөйлөр бар. Алар тизмеден өздөрүн текшербей атат. Тизме шайлоого он күн калганда жабылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйын соңунда БКШ төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

Ал шайлоо күнү тизмеден өзүн таппаган жарандар тизмеге кошкула деп талап кылат деп кооптонду. Абдраимов шайлоочуларга маалымат жеткирүү боюнча БШКнын пиар-командасы бар экенин айтты.

Төрага жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерин жергиликтүү топ шайлагандыктан "каттоо" графасы керектигин айтат. Каттоо анын айтымында, кишинин жергиликтүү топтун мүчөсү экендигин тактап турат.

"Эгер бир жаран өзүнүн паспортун маалында алмаштырбаган болсо – ал БШКнын көйгөйү эмес. Анткени, паспортто каттоо тууралуу белгиси бар гана жаран ал аймактын жашоочусу болуп эсептелет", - деп кошумчалады Абдраимов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД