БШК менен меморандумга 13 маалымат агенттиги кол койду

13 интернет-портал жана маалымат агенттиктери үгүт иштерине катышуу боюнча меморандумго кол коюшту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында БШКнын маалымат саясаты жана эларалык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Токтоболот Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, меморандумга кол койгондор жергиликтүү кеңешке талапкерлердин үгүт материалдарын акы алуу менен чыгара алышат. Калгандары, керек болсо келип бул документке кол коюп андан кийин гана үгүт материалдарды чыгара алат, - деп белгиледи.

"Бул интернет сайттар ЖМК болуп саналбагандыгы менен байланыштуу", - деди Токтоболот Жумалиев.

Бүгүнкү күнү аталган документке vb.kg, Акиpress, 24.kg, vеsti.kg, K-news, super.kg, kloop, kyrgyztoday.kg, "Кабар", КирТАГ, "Баракелде", Asia press жана "Чалкан.kg" кол коюшкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД