Машина менен коляскадагы ымыркайды сүзүп кетти

Бишкектин Дэн Сяопина көчөсүнөн коляскадагы ымыркайды машина менен сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда саат 12.00 чамасында Дэн Сяопин көчөсүндөгү "Аксарай" дүкөнүнүн маңдайынан айдоочу коляскадагы ымыркайды коюп кеткен. Жол кырсыгынан ымыркайдын мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгына себепчи болгон айдоочунун өздүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД