"Түндүкэлектро" Бишкекте авариялык өчүрүүлөр болорун билдирди

"Бишкекте авариялык электр жарыгын өчүрүү болот. Бирок, маал-маалы менен өчүрүү пландалган жок", - деп "Түндүкэлектро" ААКнын Бишкек боюнча техникалык директорунун орун басары Каныбек Конкобаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте электрэнергиясын колдонуу боюнча лимит эки эседен ашкан. "5млн 613 миң кВт саат чектөө киргизилген. Бирок колдонулган электрэнергиясы дээрлик 10 млн кВт саатка жетет", - дейт ал.

Ал ошондой эле Бишкек шаар мэри Иса Өмүркуловдун буйругу менен борбор калаада жылуулук берүү 1-ноябрдан башталарын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД