Чүй облусундага кайра иштетүүчү үч ишканага жаңы жабдыктар белекке берилди

Эртең, 31-октябрда Чүй облусунда USAID программалары менен биргеликте айыл-чарба ишканаларын өнүктүрүү боюнча долбоордун салтанаттуу ачылышы болот.

Азык-түлүк продукцияларын чыгарган ишкананын потенциялын жогорулатуу жана Чүй облусунун экономикалык өсүшүнө түрткү берүү максатында "Урсус" ЖАКысына, "Тянь Юань" ЖЧКысына жана "БКС" ЖЧКысына жардам көрсөтүлдү. Компаниялар айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдыктарды алышты.

Коопсуздукта сактоо үчүн, ишканалардын өндүрүш бөлмөлөрүн оңдоого, азык-түлүктөрдү чыгарууда санитардык нормалардын сакталышын камсыздоо үчүн каражат бөлүнгөндүгү билдирүүдө айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД