Парламентте мыйзамсыз жол тосууга айып пул салууну сунуштоодо

Мыйзамсыз жол тоскондорго карата айып пул салуу каралууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламенттеги мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов алып чыкты.

Айып пул соттун чечими менен гана белгиленерин ал кошумчалады.

"Милиция административдик акты түзөт жана материалдарды сотко жөнөтөт, сот чечим чыгарат", - дейт ал.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова, "эгер өлкөнүн тарыхына кайрыла турган болсок, анда бул чара оппозицияга карата гана колдонулуп калат" деген оюн билдирди.

"Митинг учурунда өздөрүнө көңүл бурдуруш үчүн бир гана ушул ыкма колдонулуп келди", - дейт ал.

"Эгер тарыхка карай турган болсок, кыргыздар эч качан машина айдаган эмес", - деп КСДП фракциясынын депутаты Эркин Сакебаев билдирди.

Ал ошондой эле мамлекет жетекчиси өтүп баратканда жолду тосуу эреже бузууга киреби деп кызыкты.

Курсан Асанов, президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы жана бир катар мамлекеттик жетекчилердин расмий иш-сапары учурунда жолдун тосулушу мыйзамда каралгандыгын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД