Осунбек Жамансариев: 7-апрель боюнча сот күтүүсүздөн жанданды

7-апрель боюнча сот күтүүсүз себептен улам жанданды. Бул тууралуу жабырлануучулардын өкүлү Осунбек Жамансариев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кечээ кечинде бардык катышуучуларга эртең сот боло тургандыгы тууралуу кабарлашкан.

Соттолуп аткандардын биринин адвокаты 5-ноябрга чейин токтотулган сот иши күтүүсүздөн жанданып кеткенин айтат.

Эске салсак, соттук отурум МУККтун мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун дарылануусуна байланыштуу токтогон. Анын дарылоо курсу 1-ноябрга чейин уланмак.

Сот отурумуна төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков соттук жыйынды 5-ноябрга белгилеген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД