Жогорку Кеңеш төрагасы алмашышы мүмкүн

Кыргызстан парламентинин төрагасы жакынкы күндөрү алмашары күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш аппаратындагы жеке булактар "ВБ"га билдирди.

Маалыматка ылайык, төрагалык орунга "Ар-Намыс" фракциясынан үч депутат: Токон Мамытов, Каныбек Иманалиев жана Замир Бокоев ат салышууда. Кадрдык алмашуулардын себеби президент Алмазбек Атамбаевдин кадрдык саясатта "түндүк-түштүк" балансын сактоо аракетинен улам болгону айтылууда. Төрага Асылбек Жээнбеков менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев түштүктөн болгондуктан атка минерлер арасында бул нааразычылык жаратып аткан имиш.

Иманалиев алдын ала тизме боюнча парламенттеги эларалык иштер комитетинин башчылыгына, Мамытов болсо коргоо жана коопсуздук комитетинин башчылыгына талапкер болууда. Учурда Мамытов аталган комитетти жетектейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД