Дин ишмерлери көзү ачыктардын "Аалам сырлары" көрсөтүүсүнө каршы чыгышты

Кыргызстандын муфтияты жана Орус православдык чиркөөсү КТРКдан берилип аткан "Аалам сырлары" көрсөтүүсүнө каршы чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын дин жана коомдук ишмерлери маалымат жыйында билдирди.

"Исламга жана православ динине туура келбеген жашыруун реклама кетип атат. Жолун бууп койгондугу тууралуу сөздөр, кара магия кудай алдында чоң күнөө болот жана коомдун диний ишенимдерине эбегейсиз зыян алып келүүдө", - дейт "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов.

Ал ошондой эле кара магия исламда эң оор күнөө болуп эсептелерин жана динден чыгаруу жазасы караларын айтат.

"Сыйкырлоо куранда эң оор күнөө. Көзү ачыктарга оюн өзгөртүүгө жана динге кайтып келүүгө убакыт берилет, эгер ал ишке ашпаса эң жогорку жаза – дарга асуу - берилет",- дейт Маликов.

Ал ошондой эле дин өкүлдөрү салттуу медицинаны колдонуп, өзүнүн сыйынуулары жана дары чөптөрү менен айыктарган көзү ачыктарды талкууга албай турганын айтат.

"Абал жакшы жол менен жөнгө салынышы керек. Мамлекеттик канал таанып билүүчү ишти алып барыш керек", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД