Кыргызстанда экономиканы болжолдоо боюнча улуттук модель иштелип чыкты

Акыркы эки жыл аралыгында мамлекеттик мекемелердеги отуздан ашуун адис Кыргызстандын экономикасын болжолдоо боюнча улуттук моделди түзүүгө катышышты. Бул тууралуу КР кызматташуу боюнча Швейцариялык бюродон билдиришти.

Моделде макроэкономиканы анализдөөдө финансылык программалоо заманбап жана ишенимдүү инструмент катар колдонулат жана ал Эларалык валюталык фонддо, Дүйнөлүк банкта жана башка мамлекеттерде колдонулуп келет.

"Биздин коллегалар ортосунда маалыматты алмашуунун ылдамдыгын жана жемиштүүлүгүн биргелешип үйрөнүү мамлекеттик мекемелердин ишинин сапатын жогорулатат", -дейт Улуттук банктын алдыңкы экономисти Азат Козубеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД