Бейөкмөт уюмдар: Шайлоодо кайтадан шайлоочулардын тизмеси боюнча көйгөй жаралат

Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо да шайлоочулардын тизмеси боюнча көйгөй жаралат. Бул тууралуу "Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо" аттуу тегерек столдо "Таза шайлоо" ассоциациясынын директору Айнура Усупбекова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шайлоочулардын тизмеси менен жергиликтүү бийлик иш алып барчу. Тизме жылдан жылга эч өзгөрбөйт жана кошумча тизме абалдын чыгууга жардам берчү. 2011-жылы шайлоочулардын тизмесин түзүүнү Борбордук шайлоо комиссиясына беришкен. "Мына ошондо кыйынчылыктар башталды", - дейт укук коргоочу. – Шайлоочу добуш берүү укугунан дээрлик ажырады".

Усупбекова ошондой эле мамлекетти аймактарга бөлүүдө бирдиктүү системанын жоктугун айтты. Анын айтымында, көйгөйдүн баары дарек реестрин каттоо системасында жатат. "Шаардагы көчөлөр ар түрдүү аттарды алып жүрөт. Бул боюнча ким иш алып барып аткандыгы да түшүнүксүз", - дейт ал.

Усупбекова жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары БШК менен иштөө жолдорун дагы деле жолго кое албай атканын айтты. Тизмени тактоо үчүн маалымат жок. "Участоктор жабык, ал жерден төрагадан башка эч кимди таба албайсың. БШКнын сайтынан башка жерден өз атыңды тактай албайсың", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД