Ысык-Көлгө саркындуу суулардын куюлуп кетүү коркунучу бар

Ысык-Көл Кыргызстандын бермети деп айтылганы менен аны сактоодо берметке көрүлгөн камкордуктай мамиле жасалбай келет. Жылдан жылга Ысык-Көлгө келген туристтердин саны көбөйгөндүктөн, колдонулган саркынды сууларды тундуруп, аны техникалык мүнөздө колдонуу маселеси курч турат. Кээ бир жеке менчик эс алуу жайларында саркынды сууларды тазалабай туруп эле төгүп салган учурлар да катталат. Жеке менчик эс алуу жайлардын ээлеринин мындай кылган аракети Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоодо эбегейсиз зыян алып келет.

Андан тышкары канализация сууларын тазалабай туруп көлгө куюп ийген учурлар да кездешет. Ысык-Көл облмамадминистрациянын агроөнөр жайды өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу боюнча бөлүм башчысы Бекзат Дадыбаевдын айтымында Ысык-Көлгө саркынды канализация сууларын куюу боюнча былтыр бир нече факты катталган.

"Өткөн жылдары эс алуу жайларынан жана пансионаттардан чыккан саркынды сууларды эч кандай тазалоосуз эле көлгө куюп жиберген учурлар катталды. Азыр бул фактылар боюнча соттук иштер жүрүүдө. Туристтик сезондун учурунда баардык жайлар санитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, аларга паспорт берилет. Эгер ага паспорт берилбесе, ишмердигин жүргүзө албайт" - дейт ал.

Албетте саркынды суулардын көлгө куюлбашын камсыз кылуу үчүн канализация системасы жакшы нукка коюлушу керек. Канализация суулары канчалык кир болору айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми Ысык-Көл облусундагы шаарлардын канализация системасы 70-80-жылдары курулгандыктан алардын абалы азыр өтө начар экенин Чолпон-Ата суу канал мекемесинин инженери Махмуд Турдакунов аталган аймакка журналисттердин июнь айында болгон сапары учурунда билдирген. "Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарларынын саркынды сууларын тазалоо жайларын тез арада оңдош керек. Ар бир шаарга 60 млн сом керек. Биз бул маселе боюнча президентке, премьер-министрге кайрылганбыз. Азыр бул маселе каралып атат. 2005-2010-жылдары айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылык мамлекеттик агенттиги тарабынан саркынды сууларды сордуруу үчүн насосторду сатып алууга 4 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Бул жылы 1 млн 200 миң сом бөлүү каралып атат. Бул сумма өтө аз" - дейт ал.

Ысык-Көл облусунун ири шаарларында жашаган калктын 40 пайызы гана канализация системасына кошулган, ал көп кабаттуу үйдө жашагандар. Ал эми жеке турак-жайы барлардын дааратканалары короосунда экенин Чолпон-Ата суу канал мекемесинин инженери Махмуд Турдакунов билдирди. Ал ошондой эле эгер Чолпон-Ата шаардык канализациясында авария болсо, Кумтөр кени келтирген зыяндан да ашып түшөрүн кошумчалады. Анткени шаардык канализациядагы саркынды суулар көлгө куюлушу мүмкүн.

Чолпон-Ата шаардык саркынды сууларды тазалоочу жайы 1986-жылы курулуп, бирок пайдаланууга берилген эмес. Ага карабастан бүгүнкү күнү бул жай шаардан чыккан саркынды сууларды кабыл алууга мажбур болууда. "Бул жерде саркынды суулар механикалык гана тазалоодон өтөт. Алгачкы түзүлгөн план боюнча биологиялык тазалоодон да өтүшү керек. Бирок бул жай толук курулуп бөтпөгөндүктөн андай шарттар жок. Биологиялык тазалоодон өткөндөн кийин ал тоо суусу менен аралаштырып, айдоо аянттарын сугарууга жарамак" - дейт Турдакунов. Ошондой эле азыр тундурулуп, механикалык тазалоодон өткөн саркынды суу кээ бир аймактарды сугарууга жумшаларын кошумчалады.

Ал өз сөзүндө жапониялык JICA агенттиги Чолпон-Ата шаардык каналазациясын толугу менен алмаштырып, оңдоп берүү боюнча аракет жасаган жана анын баасы 25-30 млн доллардын тегерегинде баалангандыгын белгиледи. Бирок кийин белгисиз себептерден улам андан баш тарткан. "Азия өнүктүрүү банкы кийинки жылы Балыкчы жана Каракол шаарларынын канализациясын алмаштыруу тууралу долбоорду программага киргизгени атат. Бирок азырынча бул так эмес. Чолпон-Ата шаарынын канализациясын алмаштыруу боюнча долбоор да кирип калабы, жокпу, азырынча белгисиз", - деди.

Чолпон-Ата шаардык саркынды сууларды тазалоочу жайына жай айларында суткасына 15-20 миң куб метр суу чогулат. Кышында бул көрсөткүч 7-8 миң куб метр болуп, саркынды суунун көлөмү эки эсе азаят.

Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сакташыбыз керек деп кур сөз менен эмес, алардын бардыгын иш жүзүндө көргөзүү убактысы келди. Чет жактан келгендерге көлдү булгаба деп айтуудан мурда, өзүбүз жасаган аракетибиз менен башкаларга үлгү болгонубуз чоң таасир берет. Суу өмүрдүн булагы деп бекеринен айтылбаса керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД