АӨБ $20 млн өлчөмүндө инвестиция бөлүү маселесин карайт

Кечээ, 30-октябрда, экономика министри Темир Сариев Министрлердин XI конференциясынын Орто Азиядагы аймактык экономикалык кызматташуу программасынын (Вухань шаары, Кытай) алкагында Азия өнүктүрүү банкынын президенти Харухико Курода менен жолукту. Бул тууралуу экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын алкагында $20 млн бөлүү маселеси талкууланды.

АӨБ президенти каражат бөлүү чечими АӨБдун директорлор кеңешинин жыйынынде бир ай ичинде кабыл алынарын белгилеген.

Андан сырткары Кыргызстанда мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өркүндөтүү маселеси да көтөрүлгөн. Кийинки жылы АӨБдын колдоосу менен мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү боюнча чоң форум өткөрүү пландалганы билдирүүдө айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД