Райкан Төлөгөнов мандатын "Ата Мекендин" жетекчилигине өткөрүп берүүнү чечти

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов партия жетекчилигине мандатын өткөрүп берүү чечимин кабыл алып, мындай билдирүү таратты.

"Мен, Төлөгөнов Райкан Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" социалдык партиясынын депутаты буларды билдирем:

1. №1 тергөө абагындагы Абдулла Юсупов күнөөлөп аткандай мен кылмыш ишин жасаган эмесмин. Объективдүү тергөө иши менин талап-тоноого тийешем жоктугун жана андай болушу мүмкүн эместигин далилдейт деп ишенем.

2. Мен эч качан өзүмө бийликти издеген эмесмин жана азыр депутаттык креслого жабышпайм.

3. Баардыгын мезгил өз ордуна коет деп ишенем жана Кыргызстандын эли жакында бул жалган чуулуу спектаклде ким кандай роль ойногонун көрөт.

Мен улуу адамдын үй-бүлөсүндө төрөлүп өстүм. Мен атамдын китептериндеги баатырлардан үлгү алып өстүм. Ал улуу мүнөздөрдү жана тарыхтагы адамдардын ролу тууралуу жазды. Фергана өрөөнүндөгү элдин тагдыры кандай болгондугу тууралуу жазды.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмердин, эл жазуучусунун, Кыргызстандын баатырынын уулу катары менин карьералык өсүүдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүм бар болчу. Бирок мен байлык менен бийликти издегеним жок. Мен түшүнүп туруп башка жолду тандап алдым. Оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын катарында болуп, Акаев менен Бакиевдин режимине каршы күрөштүк.

Азыр мен талап-тоноочулук боюнча айыптоону угуу көңүлүмдү оорутууда. Өмүрбек Бабанов жана анын "НТС" каналы кылмышкер Абдулла Юсупов менен биригип алып, мени каралоо үчүн бардык нерсени жасады. Кээ бир атка минерлер жана депутаттык комиссия мени, баламды керек болсо жардамчымды күнөөлөп атат. Уялбай туруп эле жалданган "адисттерди" колдонуп кара пиар жасап, колго алынган ЖМКда чуу көтөрүп, элге таңуулап мени жаманатты кылышууда", - деп жазылат депутат тараткан билдирдүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД