Өмүрбек Текебаев: Райкан Төлөгөнов азырынча депутат бойдон эле калат

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов партия жетекчилигине өз эрки менен парламенттик фракциядан чыгуу тууралуу арызын берди. Бирок шарт менен: эгер партиялаштары анын күнөөлүү эместигинен шек санаса анын билдирүүсүн Борбордук шайлоо комиссиясына жиберип аны мандатынан ажырата алышат. Азырынча Төлөгөнов партияда эле калат жана Жогорку Кеңеш депутаты деген статусун сактап турат. Бул тууралуу "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев "ВБ"га билдирди.

Ал ошондой эле бардык атамекенчилер үчүн жана өзү үчүн да Төлөгөновдун билдирүүсү күтүүсүз болгонун белгиледи. Текебаевдин айтымында, бул билдирүүнүн тагдырын чечүү партиянын жоопкерчилигинде турат. Ал ошондой эле Төлөгөнов анын 2010-жылдагы апрель окуяларында талап-тоноодо күнөөсүз экенинен күмөн санаган партиялаштары билдирүүнү БШКга берсе болорун айтканын кошумчалады.

"Ал өзүнүн күнөөсүз экенине ишенет жана партияга көлөкө түшүрбөй өзүнүн чыныгы партия мүчөсү экенин көрсөттү", - дейт Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД