Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңеш төрагасын кайтадан шайлоону талап кылды

Алтынбек Сулайманов парламент төрагасын жана вице-спикерлерди кайтадан шайлоону талап кылды. Бул тууралуу оппозициялык "Республика" фракциясынын лидери бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Сиздер коркпоңуздар. Эгер силер жакшы иштеген болсоңор, кайтадан шайланасыздар. 20 жылда 4-5 депутатка кылмыш иши козголуп аларды кармоо болгон эмес. Бул албетте сиздердин күнөөңөр эмес, бирок силердин жолуңар жаман. Биз спикерге жана вице-спикерлер үчүн талапкерлерди карашыбыз керек. Убагында Келдибековду көпчүлүк коалиция ыдырады деген жүйөө менен ордунан алганбыз. Азыр да ошондой болуш керек. Сиз баш тарткандан корпоңуз. Биз төралыкка дагы да болсо КСДП фракциясынан талапкерди колдоого даярбыз", - дейт Сулайманов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД