Чаткал районунун акимине бир нече кылмыш иши козголду

Антикоррупциялык мыйзамдын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абат облусунун прокуратурасы Чаткал райондук администрациясынын башчысына бир нече кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, облустук прокуратура өкмөттүн Жалал-Абат боюнча өкүлү Жусубалы Төрөматовдун атына премьер-министрдин аталган район акимин кызматынан алуу боюнча билдирүү жөнөткөн.

Өз кезегинде облус боюнча өкмөттүн өкүлү тийиштүү билдирүүнү өкмөт башчысынын атына жөнөткөн.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамга ылайык райондун башчысы премьер-министр тарабынан прокуратура органдары мыйзамдарды жана укуктук актылар аткарылбагандыгы аныктаса кызматынан бошотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД