Адвокат: Камчыбек Ташиевди түштөн кийин бошотот

МУККнын тергөө абагына камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевди бүгүн түштөн кийин бошотот. Бул тууралуу депутаттын коргоочусу Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Ташиевге кылмыш иши мыйзамсыз козголгондугу боюнча арыз менен кайрылган. Сот эки жолу жылдырылган, бирок бүгүн Башкы прокуратура депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгаргандыктан адвокат өзүнүн арызын кайта алды.

Биринчи май райондук сотунда сот отуруму бүгүн саат 11.00дө болду. Анда атажурттун депутатын үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД