Турсунбай Бакир уулу Чек ара кызматын Оштон Бишкекке көчүрүүгө каршы чыкты

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Чек ара кызматын Оштон Бишкекке которууга каршы чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бул туура эмес, Фергана өрөөнүндө азыр абал кандай экени баарына маалым. Коңшу мамлекеттердин бардыгы чек араны бекемдөөгө кызыктар. Биз болсо чек ара кызматын Бишкекке которуп атабыз. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш бир катар ведомстволорду Ошко көчүрүү боюнча токтом кабыл алган, бирок ал аткарылган жок. Эмне үчүн? Өкмөт бизди маалымдар кылып турушу керек", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД