Өкмөт парламентке 2013-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды

Өкмөт парламентке 2013-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.

Ал башкы финансылык документти алгач комитеттер карагандан кийин пленардык жыйынга алынып чыгарын белгиледи.

Эске салсак, оппозиция депутаттары өкмөттү келерки жылдын бюджетинин долбоорун мыйзам боюнча 1-сентябрга чейин тааныштырбагандыгы үчүн сындап келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД