Экс-коргоо министри: 7-апрелде "Ак үйдө" өкмөт мүчөлөрүнүн баардыгы болгон

7-апрелде "Ак үйдө" өкмөттүн баардык мүчөлөрү жана алардын орун басарлары да болгон. Бул тууралуу 2010-жылдын апрель окуялары боюнча болгон соттун отурумунда КРдин экс-коргоо министри Бактыбек Калыев билдирди.

Анын айтымында, 7-апрелде нөөмөттөгү кызматкер ведомстводо болгон окуяны билдиргенден кийин коргоо министрлигинин имаратына келген. Болжол менен 12.00 чамасында ага экс-премьер-министр Данияр Үсөнов "Ак үйгө" кел деп чалган.

"Мен келгенде президент аппаратынын мурдагы жетекчисинин кабинетинде баардык өкмөт мүчөлөрү жана алардын жардамчылары бар экен. Ошондой эле саламаттыкты сактоо министринин орун басары да бар болчу. "Ак үйдө" борбордон алыс жүргөн же, чет жакта жүргөн жетекчилерден башка бардык жетекчилер бар болчу", - дейт Калыев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД