Бактыбек Калыев: Сатыбалдиев Бакиевди өзгөчө абал киргизбөөгө көндүргөн

Апрель окуялары боюнча соттолуп аткан президенттин коргоо жана коопсуздук боюнча кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев "Ак үйдөгү" 7-апрелдеги жыйында Курманбек Бакиевден өзгөчө абал киргизбөөнү суранган. Бул тууралуу 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот отурумунда КРдин экс-коргоо министри Бактыбек Калыев билдирди.

Анын айтымынла, 2010-жылдын 7-апрелинде премьер-министр Данияр Үсөнов Бакиевдин кабинетинен өлкөгө же анын кээ бир аймактарына өзгөчө абал киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаттары суранып атат деп айткан. Бул демилгени президент катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная да колдогон.

"Бул убакта Сатыбалдиев ордунан туруп кесепети тийип калышы мүмкүн деп өлкөгө өзгөчө абал киргизбөөнү суранган жана бул мыйзамсыз аракет деп айткан. Аны уккандан кийин Бакиев өзгөчө абалды киргизбөөнү чечип, бардыгын кабинеттен чыгып кетүүсүн суранган", - дейт Калыев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД