Башкы прокуратура НТСке карата кылмыш иш козголгонун төгүндөдү

Башкы прокуратура НТС каналына карата кылмыш иш козголгонун төгүнгө чыгарды. Тергөө башкармалыгы бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Бердибаев "Республика" фракциясынын жыйынында НТС телеканалына карата кылмыш иши козголгонун айткан.

Эскертсек, кечээ "Республика" фракциясынын жыйынында депутат Чолпон Султанбекова жана Кенжебек Бокоев НТСтин журналисттерине Абдулла Юсуповдун интервьюсу чыккандан кийин дароо кылмыш иши козголгонун айтып, бул кадамды "ЖМКга болгон басым" деп аташкан.

Бердибаев чындыгында кылмыш иши козголгонун, бирок ал Абдулла Юсуповдун талап-тоноочулук боюнча айыптоолору менен байланышы жоктугун айткан.

Бирок, ал бүгүн бул маалыматты төгүндөп, кылмыш иши НТС каналын тергөө абагына киргизген Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгонун белгиледи. Анын айтымында, журналисттерди күбө катары гана суракка алышкан.

Тергөө абагына журналисттерди мыйзамсыз киргизүү фактысын иликтеген Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жамалбек Сатыбалдиев кылмыш иши ЖАМКнын кызматкерлерине карата козголгонун тастыктады.

Ал ошондой эле ЖАМКнын кайсыл кызматкерине карата мыйзамды бузуу боюнча кылмыш иши козголгонун ал тергөөнүн сыры болгондуктан айтылбайт деди.

Андан сырткары ал НТСтин жетекчилигине же башка кызматкерлерине прокуратура тарабынан кылмыш иши козголбогонун билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД