Нарында Түркия жарандарына жасалма диплом берилгендиги боюнча кылмыш иш козголду

Нарын облусунун МУКК башкармалыгынын тергөө органдары тарабынан Түркия жарандарына жогорку билим алгандыгы жөнүндө диплом жасагандыгы боюнча С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

МУККнын коом менен байланыш жана ЖМК бөлүмүнөн билдиргендей НМУнун 2012-жылкы бүтүрүүчүсү делинген 4 чет элдик жаран сабак маалында жана мамлекеттик экзамен берүү учурунда Кыргызстандан тышында жүргөн.

Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД