Экс-министр Зарылбек Рысалиевди коргоо боюнча комитет түзүлдү

Кечээ, 30-октябрда, "Байсуу" кафесинде Кыргызстандын аймактарынан чогулган 300гө жакын киши жумушунан алынган министр Зарылбек Рысалиевди коргоо боюнча комитет түзүштү. Бул тууралуу жеке булактар "ВБ"га билдирди.

Маалыматка ылайык, комитет жетекчиси болуп "Алиби" гезитинин редактору Бабырбек Жээнбеков шайланды. Учурда комитет Жогорку Кеңешке Рысалиевди кызматтан алуу коррупция менен күрөшүүнү токтотууга барабар деп кайрылуу жолдошууда. Комитеттен билдиргендей Рысалиевди кызматтан алууда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кызыкчылыгы бар. Жакын арада боло турчу нааразылык акциясында алар биринчи кезекте өкмөт башчысын жумуштан кетүүсүн талап кылышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД