Иликтөө жыйынтыгы: депутаттардын төрттөн үч бөлүгү бизнесмен болгон

Жогорку Кеңеш депутаттарынын төрттөн үч бөлүгү шайланганга чейин бизнесмен болушкан. Бул тууралуу "Демократиялык изилдөөлөр" борборунун аналитиги Лариса Илибезова маалымат жыйында билдирди.

Ага ылайык, шайланганга чейин 31 пайыз депутат мамлекеттик кызматта, 11 пайызы бейөкмөт уюмдарда иштеген.

Изилдөөгө ылайык 19 пайызы мугалим жана окутуучу, ал эми депутаттардын 29 пайызы юрист болушкан.

Илибезова депутаттардын 76 пайызы жогорку билимди Кыргызстандан алганын, 20 пайызы КМШнын ЖОЖдорунан аяктаганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД