2011-жылы бир депутатка кеткен чыгым эки эсе өскөн

2011-жылы бир депутатты камсыздоо 2010-жылга салыштырмалуу эки эсеге өсүп, 6 млн 147 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин чыгымдарынын эффективдүүлүгүн изилдөөгө катышкан Сулайман Бердикеев маалымат жыйында билдирди.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, азыркы чакырылыштагы парламенттин чыгымдары башкаларга салыштырмалуу бир топ өскөн.

Эскертсек, депутаттардын бир айлык маянасы 51 900 сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД