Токон Мамытов: Үчүнчү күчтөр билип туруп парламентти таркатуу иштерин жүргүзүүдө

"Үчүнчү күчтөр билип туруп парламентти таркатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө", - деп парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин жетекчиси Токон Мамытов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанды мамлекет катары алсыздандыруу боюнча атайын программа бар.

"Алар өз максаттарына жетүү үчүн президентти, өкмөттү же парламентти отставкага кетириши керек. Президентти жакында эле эл шайлагандыктан кызматтан ала алышпайт. Эгер өкмөттү кетирсе, анда Жогорку Кеңеш эртең башка министрлер кабинетин түзөт. Болгону парламент гана калууда. Бийликке келүүнү каалаган Кыргызстандын душмандары азыркы чакырылыштагы парламентти таркатуу керек деген бир гана максат коюп атат", - дейт Мамытов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД