Азыркы парламент кабыл алган мыйзамдардын саны боюнча "легендарлуудан" да ашты

"Кабыл алынган мыйзам долбоорлордун саны боюнча азыркы чакырылыштагы парламент "легендарлуудан" да ашып түшөт", деп "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Токон Мамытов маалымат жыйында билдирди.

Ал парламенттин иши – бул мыйзам чыгаруу экенине кошулат. "Бирок, бул анын негизги иши эмес. Чындыгында мыйзамдардын 80-90 пайызын өкмөт иштеп чыгыш керек жана ал мыйзамдар Жогорку Кеңештин талкуусунан жана экспертизасынан өтүшү керек. Азыркы чакырылыштагы парламент 483 мыйзам долбоорун карап, анын 236сын кабыл алган. Алардын 192сине президент кол койгон. Калгандары каршылык болгондуктан же башка себептерден улам кабыл алынбай калган", - дейт Мамытов.

Ал ошондой эле ЖМКда "легендарлуу" парламент тууралуу көп айтыларын белгиледи. "Албетте, алардын ролу жана өтөгөн кызматы талашсыз. Бирок ал мыйзам долбоорлордун саны боюнча калып калат. Ага эч кандай акча каражаты коротулбаганын, болгону аппаратты кармап турууга кеткендиги айтылат. Бирок анын депутаттары министрлер, облус жетекчилери жана башка атка минерлер болгон. Алар дароо эле эки кызматта отурушкан. Мен муну менен аларды каралоо же актануу үчүн айтканым жок, мен муну адилеттүүлүк үчүн айтып атам. Легендарлуу парламент көп жана укуктары да, жардамчылары да көп болгон. Жана айлык маянасы да көп болчу", - дейт Мамытов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД