Адвокат: Мамытовду тергөө абагында кармоонун зарылчылыгы жок

Жогорку Кеңеш депутаты Талант Мамытовду тергөө абагында кармоонун зарылчылыгы жок. Бул тууралуу вице-спикер Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, МУККнын тергөө абагына камалгандан бери депутатты бир да жолу суракка алып, жеке жолугушуу сыяктуу иштер болгон эмес.

"Соттун жалгыз таянганы Мамытовдун баш коргоо чарасын тандоо алдында ал күбөлөргө басым кылышы жана тергөөдөн качып кетиши ыктымал деген жүйөө болгон. Андай күбөлөрдү укук коргоо органдары таап бере алышкан жок. Демек, Мамытовду МУККнын тергөө абагында кармоонун зарылчылыгы жок дегенди түшүндүрөт", - дейт Журабаев.

Ал ошондой эле эртең 1-ноябрда КР Жогорку соту депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап, мыйзамга таянып аны чыгырышы керек,- деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД