Башкы прокуратура: Ташиевди психологиялык экспертизадан соң бошотууну суранышты

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы МУККнын тергөө абагына камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевди психологиялык экспертизанын жыйынтыгына таянып соттон аны бошотууну өтүндү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органынын расмий сайтына жарыяланды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 6-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен парламент депутаты Камчыбек Ташиев МУККнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Ташиевге козголгон кылмыш ишинин алкагында ага комплекстүү соттук-психология-психатриялык экспертиза өткөрүү белгиленген. Анын негизге жыйынтыгы катары Баш прокуратура Биринчи Май райсотунун баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну келтирди.

Учурда кылмыш ишин иликтөөнү ведомстволор аралык тергөө тобу жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД