Орусия Кыргызстандын бажычыларына 57 атайын машина белек кылды

Орусиянын федералдык бажы кызматы Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматына 51 “Нива” машинасын жана алты “Газель” үлгүсүндөгү машинаны белекке берди. Белектерди тапшыруу салтанаты КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Орусиянын федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельяминовдун катышуусунда өттү.

Бельяминов эки мамлекеттин бажы кызматы жыйырма жылдан бери биргеликте иштеп келе атканын белгиледи. Ал эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясынын башчысы катары Орусия менен кызматташтыкты жакшыртуу боюнча бардык аракетин жумшай турганына сөз берди.

Ал ошондой эле Орусия президенти Владимир Путиндин 20-сентябрда Бишкекке болгон иш сапары учурунда маанилүү келишимдерге кол коюлганын белгиледи. “Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү болуп кала берет. Бул машиналар жакшы иштер үчүн кызмат кылсын”, -деди ФБКнын жетекчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД