Улуттук банк: Кыргызстандын ички дүң продукциясы 4,6 пайызга төмөндөдү

Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 4,6 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын төрага орун басары Заир Чокоев билдирди.

Ал 2012-жылы бардык тенденция сакталганын, бирок ири долбоордун (Кумтөр – vb.kg) токтоосу ички дүң продукцияга чоң таасир бергенин белгиледи.

“Ошентип, ИДП 203,8 млрд. сомду түзүп, 4,6 пайызга төмөндөгөн. Кийинки жылы ИДП көрсөткүчү КР өкмөтү жаңы долбоорлорду ишке киргизгендиктен бир топ жакшы болот”, - дейт ал.

Чокоев ошондой эле инфляциянын деңгээли 12 айда (2011-жылдын сентябрынан 2012-жылдын сентябрына чейин) 4,4 пайызга өскөнүн белгилеп, сентябрда баалар 1,1 пайызга өскөнүн кошумчалады. Ал өзгөчө ун жана эт азыктары дүйнөлүк тенденцияга көз каранды экенин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД