Депутат коллегаларын ушакка каршы күрөшүүдө биригүүгө чакырды

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев Жогорку Кеңештин жыйынында Tazabek маалымат агенттиги депутаттарга жалаа жаап, аларды Кыргызстандагы чет элдик фирмаларды тоногон жана рэкеттик кылган деп күнөөлөгөнүн билдирди.

Молдобаев Tazabek 31-октябрда Бейөкмөт уюмунун атынан “бардык депутаттар чет элдик фирмаларды тоноп жана рэкетчилик менен алектенет” деп маалымат тараткандыгын айтты. “Аз келгенсип аны калын шрифт менен белгилеп койгон. Эми ал ошондой болгондугун далилдеп берсин. А биз депутаттар, чындыгында эле акча талап кылып аткансып унчукпай отурабыз”, - деп ачуусу келди.

Депутат бул материалдын артында парламентти таркатууну максат кылган жана “Жогорку Кеңешти алсыздандырууну каалаган күчтөр бар экенине” ишенет. “Кимдир бирөөлөр биздин киреше АКШ конгрессмендеринин кирешесинен да ашаарын билдирүүдө. Мунун артында ким турат? Кандайдыр бир күчтөр парламентти таркатууга кызыктар. Коллегаларды буга биргеликте каршы турууга чакырам. Мен Tazabek агенттигинин жаңылгандыгын далилдөөгө чакырам”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД