Садыркуловдун сот иши адвокаттын оорусунан улам кийинкиге калды

Садыркуловдун сот иши авдокат Икрамидин Айткуловдун ооруп аткандыгынан улам кийинкиге жылдырылды. КР президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, Эларалык изилдөө институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановду өлтүрүү боюнча сот отурумуна төрагалык кылган Бишкек аскер гарнизонунун судьясы Марлен Тентимишов ушундай токтом кабыл алды.

Анын айтымында оор кылмыш жасаган деп айыпталып аткан Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы жетекчиси Марат Турдукуловдун кызыкчылыгын коргогон Айткулов Бишкек аскер сотуна ооруп аткандыгы жөнүндө медициналык маалымкатты алып келип берген.

Турдукулов оор кылмыш жасаган деп айыпталгандыктан сот иши анын адвокаты жок өтпөйт.

“Сот отуруму 5-ноябрга жылдырылды”, - дейт Тентимишев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД