Алматыда Кыргызстандык мигранттар үчүн кеңеш берүүчү борбор ачуу сунушталды

Кыргызстандын Алматыдагы Башкы конусулу Сеит Убукеев 30-октябрда Казакстандагы эмгек миграциясы боюнча программаны ишке ашырган Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү департаментинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы билдирди.

Тараптар Кыргызстандан келген эмгек мигранттарды медициналык тейлөө, мигранттардын балдарынын билим алуусу жана алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле Башкы консул мигранттарга укуктук жана кеңири юридикалык жардам берүүчү кеңеш борборун ачууну сунуштап, мигранттар жашаган аймактарда көчмө медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү уюштуруу идеясын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД