Орусиялык компаниялар жеке менчикти коргоодо кепилдик сурашууда

Орусиялык компанияларга жеке менчикти коргоодо кепилдик керек. Мына ушундай гана шартта алар тыгыз өнөктөштүктү убада кылышат. Бул тууралуу Орусиялык ишкерлердин КР вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен болгон жолугушуусунда Орусиянын финансы-өндүрүш тобу ассоциациясынын президенти Олег Сосковец билдирди.

“Өкмөт алмашып атат бул кадимки көрүнүш, бирок ишкерлер тынч иштеши үчүн анын ишин улантуучулар керек ”, - дейт ал.

Сосковец ошондой эле орусиялык ишкерлерге Кыргызстандагы тоо-кен тармагы кызыгуу жаратарын белгиледи. Ишкерлер кенди иштетүү багыты боюнча кызматташуунун келечеги бар экенине ишенет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД