Билим берүү министрлиги: Бала бакчалардын менчиктешип кеткенине биз күнөөлүү эмеспиз

Эгемендик алгандан кийин менчиктешип жана профили өзгөрүп кеткен бала бакча имараттары үчүн Билим берүү министрлиги күнөөлүү эмес. Бул тууралуу тегерек столдо билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, бул бала бакчалар министрликтин менчиги болгон эмес, алар ведомстволорго, заводдорго жана фабрикаларга таандык болгон.

“Качан алардын бары иштебей калганда, бала бакчаларды кайда алып барабыз деген маселе чыкты жана алар сатылып кеткен”, - дейт министр.

“Биз ал убакка жооп бере албайбыз”, - деп кошумчалады ал. Садыков учурдагы келип чыккан чыныгы абал тууралуу сүйлөшүү керектигин белгилейт жана имараттын жоктугуна министрликти айыптоонун кереги жок дейт.

“Мамлекет 2 миңден ашык бала бакчаны куралбай атат. Андыктан биз жок дегенде балдарды 6 жаштан баштап мектепке даярдоого жетишүү боюнча милдет коюп атабыз”, - деп белгиледи министр.

Садыков мектепке чейинки билим берүүгө байланышкан бардык көйгөйдү тийиштүү каражат бөлгөн жок деп финансы министрлигине түртө салбай турганын белгиледи. Министрдин айтымында, бала бакчалардын 50 пайызан жергиликтүү башкаруу өз кармагына алганы жакшы көрсөткүч. Анткени ата-энелер менен балдар бул ишти мамлекет алып кете албашын түшүндү.

“Ата-энелердин аң-сезимин өзгөртүүгө убакыт келди. Эгер бала төрөлсө аны бакканга каражат бөлгүлө. Бюджетибиз мектепке чейинки билим берүүнү 100 пайыз камсыз кылуу үчүн анчалык деле бай эмес”, - дейт министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД