Сатыбалдиев: Кыргызстан Орусия менен экономикалык мамилени өнүктүрүүгө кызыктар

“Кыргызстан Орусия менен саясый нукта мамилени өнүктүрүүгө гана кызыктар эмес, соода-экономикалык жана гуманитардык-маданий жактан да кызыктар”, - деп премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Орусиянын Кыргызстандын бажы кызматына 57 машинаны тапшыруу аземи учурунда билдирди.

Анын айтымында, эң жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр эки тараптын мамилесинин өнүгүшүнө жакшы импульс берди.

Премьер-министр эки мамлекеттин өкмөттөр аралык кызматташуусунун өнүгүшүнө бардык күчүн жушмай турганын айтты.

“Кыргызстандын бажы кызматына көрсөтүлгөн чыныгы колдоо ведомстванын өнүгүшнө салым кошот жана ошол эле учурда бажы органдарына болгон талапты жогорулатат”, - дейт Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД