Жогорку Кеңеште комитет башчыларына добуш берүү кийинкиге калтырылды

1-ноябрдагы эки саатка жакын талкуудан кийин депутаттар комитет башчыларына добуш берүүнү кийинкиге калтырды.

Комитеттин курамы боюнча долбоорго ылайык төмөндөгү депутаттар комитет башчылагына талапкер болууда:

Отун-энергетика комплекси боюнча комитет - Кожобек Рыспаев (“Ар-Намыс”)

Сот-укуктук маселелер боюнча комитет – Токтогул Туманов (КСДП)

Социалдык саясат боюнча комитет – Дамира Ниязалиева (КСДП)

Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет – Токон Мамытов (“Ар-Намыс”)

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитет – Каныбек Осмоналиев (“Ар-Намыс”)

Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитет – Жусупали Исаев (КСДП)

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет – Карганбек Самаков (“Ата Мекен”)

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет – Анарбек Калматов (“Ар-Намыс”)

Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү башкаруу боюнча комитети – Эркин Алымбеков (“Ата Мекен”)

Регламент жана этика боюнча комитет – Айнуру Алтыбаева (“Ар-Намыс”)

Эл аралык иштер боюнча комитет – Каныбек Иманалиев (“Ар-Намыс”)

Агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча комитет – Сайдулла Нышанов (“Ата Мекен”)

Оппозиция эки комитетти алышы мүмкүн:

Бюджет жана финансы боюнча комитет – Ахматбек Келдибеков (“Ата-Журт”)

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет – Кенжебек Бокоев (“Республика”).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД