Асылбек Жээнбеков: Дымактуу саясатчылар жаңжалдын булагы болууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн “Жаңжалдарды жоюуда жана тынчтык орнотууда парламенттин ролу” аттуу эл аралык конференцияда жаңжалдын булагы дымактуу депутаттар болуп атканын билдирди.

Төрага саясатчылар өз кызыкчылыгын мамлекттин кызыкчылыгынан өйдө койбой, диалогго келип, консенсус издеши керек.

“Кыргызстан – мамлекеттик авторитардык системага каршы күрөшө алды. 2010-жылы биз сепаратисттик кыймылдар, кылмыштуу топ жана чекаралык криминалдык түзүлүш менен кагылыштык. Жаңжал кыргыздын мамлекеттүүлүгүн бузууга багытталган. Бул мамлекеттин алсыз болуп турган учурунда дыкат пландалган акция”, - дейт төрага.

Бирок, Жээнбековдун айтымында парламент депутаттарын жана президенттик шайлоону ачык өткөргөндүктөн кыска убакыт ичинде республикада туруктуулукту орнотуу ишке ашты жана азыр парламенттин маанилүү иштеринин бири жаңжалдарды нукка салуу болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД