Депутатты шайлоо алдындагы партиялардын активдүү кампаниясы чочулатты

Жергиликтүү кеңешке боло турчу шайлоо жаңжалдын булагы болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу “Жаңжалдарды жоюуда жана тынчтык орнотууда парламенттин ролу” аттуу эл аралык конференцияда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков билдирди.

Анын айтымында, көйгөйдүн баары шайлоо мыйзамындагы укуктук карама-каршылыктардан болууда.

Депутат ошондой эле Бишкекте жана аймактарда коомдук уюмдардын шайлоого болгон даярдыгы “абдан активдүү” болуп атканын белгиледи.

Алымбеков Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 23 партия ат салышып атканын айтты. “Аймакардагы абал да ушундай. Бул жаңжалдын булагы болуп калышы мүмкүн”, - дейт эл өкүлү.

Ал 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштүн себеби Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун адилетсиз өткөндүгү экенин эскертти.

Атамекенчинин айтымында шайлоо жөнүндөгү мыйзамды кыйшаюусуз сактоо менен жаңжалды болтурбаса болот. Ал парламенттин ролу мыйзамдарды такай жакшыртып туруу деп эсептейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД