9 айда салыкчылар планды 300 миллион сомго көп аткарышты

2012-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык жана төлөмдөрдөн 25 млрд 515,4 млн сом жыйнаган. Бирок 9 айда 25 млрд 200,8 млн сом чогултуу болжолдонгон. Планды аткаруу 101,2 пайызды түзүп, 314,6 млн сомго көп аткарылган. Бул тууралуу МСКтын кеңири жыйынында Кирешени эсептөө жана декларацияларды кайра иштеп чыгуу башкармалыгынын жетекчи милдетин аткаруучу Искендер Алымбеков билдирди.

Өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу салык жана төлөмдөрдүн жыйымы 3 млрд 351,8 млн сомго көбөйгөн же 15,1 пайызга өскөн.

Алтын кенин иштетүүчү Кумтөр ишкананы кошпогондо мамлекеттик казынага салык жана төлөмдөрдөн 22 млрд 308,2 млн сом түшкөн. План боюнча 21 млрд 773,3 млн сом түшөт деп болжолдонгон. Пландын аткарылышы 102,5 пайызды түзүп, 534,9 млн сомго көп аткарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД