Жылдызкан Жолдошова: Темир торду аттап өткөндүгү үчүн Ташиевди камоонун кереги жок

“Кыргызстанда демократия жок. “Ата-Журттун” депутаттарын мыйзамсыз кармашты”, - деп “Жаңжалдарды жоюуда жана тынчтык орнотууда парламенттин ролу” аттуу эл аралык конференцияда “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Анын айтымында, “Ата-Журттун” депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Нариман Түлеевди адилетсиз кармашкан.

“2010-жылдагы революцияда 87 киши өлүп, бийликти басып алууга жана адам өлүмү үчүн эч ким жоопко тартылган жок. Менин коллегаларыма 20 жыл берип атышат. Июнь окуялары боюнча ким камакка алынды? Күнөөсүз адамдар өлдү, алар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн”, - деп Жолдошованын ачуусу келди.

Депутат ошондой эле Кыргызстанда оппозицияга басым жасалып атканын айтты. “Ташиев темир торду аттагандыгы үчүн камакка алынышы адилетсиздик”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД