Кайран Жантөрө кантээр экен, жыл аягына жетпей ордунан учуп кетпес бекен?

Садыр Жапаровдун митинги, Камчыбек Ташиевдин «секириги», депутаттардын камалышы, ачкачылык, нааразычылык акциялары, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн башталышы, бюджеттин тешиги, кышка даярдык көрүү, нандын кымбатташы, эмгек акылардын кечеңдеп жатышы, күн алыс коррупциялык күрөш алкагында камакка алуулар, түшүнүксүз кадрдык ракировкалар сыяктуу жаңылыктар биринин артынан бири чыгып, бир маалыматты угуп, оозуңду ачып, таңданып, сиңирип бүтө элегиңде экинчи кабар «шок» кылган заман.

Эч зерикпейсиң. Бирок, бир чети, илгерки «застой» кезиндегидей тунуп, мелтиреп турганга караганда ушинтип коомдун кыжылдап кайнап жатканы деле жакшы десек болот. «Туура иштер жасалып жатабы, же туура эмес болуп баратабы ?», деген толгонуу, санаркоо, изденүү, талашуу-тартышуулардын бар экенинин өзү, акыры бир күнү туура жолго түшөбүз деген ишеним туудурбай койбойт.

Ошентип, 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин парламенттик системага өтүп, бийлик бутактарын жаңы конституцияга ылайык легитимдештирип бүтүп алып, жаңы шартка ылайык жашоого көнө албай, там-туң баскан баланы элестетип турган чагыбыз. А дегенде жаңы бийликке ишеним артып, жакшы ийгиликтерди күткөн элибиздин да чыдамы кетип, нааразычылыктырын билдире баштаган кез.

Коомчулук 120 депутаттан турган беш фракциялуу парламенттин «концерттерине» тоюп бүтүп, «буларды таркатыш керек» дегенге жетип калды. Жалпы эл тарабынан шайланып, элибиз абдан катуу ишеним арткан президентибиздин аброю да күн санап төмөндөөдө.

Алды менен Алмазбек Атамбаевдин шайлоодогу берген убадаларына, «Ата Бейиттеги» антына ишенген коомчулук анын коррупцияга каршы күрөшүн жакшы эле колдоого алып жаткан. Анан бул багыттагы иштердеги ылгап мамиле кылуу, жакындарды калкалоо, каршылаштарды куугунтуктоо байкалып, коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, натыйжада президенттин аброюна кедергисин тийгизгени ачык байкалып калды.

А.Атамбаевдин айлана тегерегине чогулткан жан-жөөкөрлөрү, анын кадрдык саясаты тууралу ой пикирлер дагы кескин сынга алынууда. А президент болсо, мындай сындарды кулагынын сыртынан кетирип, «өз билгенимди кылам» сыңарында ишин улантып, мамлекеттик бийик кызмат орундарына өң-тааныш, куда-сөөк, жек-жаатарын, болгондо да мурунку бийлик убагында жыдып, элге жек көрүндү болгондорду чогултууда. Эмне үчүн ушундай кадрдык саясат жүрүп жатканы түшүнүксүз. Же чындап эле кыргыздын кадрларынын баары оңбой калганы, же А.Атамбаев жалаң оңбогурлар менен ымалалаш болуп жатканы белгисиз?

Мисаалы, өткөндө, Жантөрө Сатыбалдиев баш-бакандыка бекип кеткенден кийин президенттин аппарат жетекчисинин орду бир топко чейин бош туруп калды. Коомчулук деле, адегенде «ии, бир таза, абийирдүү, салабаттуу киши издеп жатат го» деген пикирде турган. Анан эмне болду. Данияр Нарымбаевге кайра-кайра жарлык чыгарып, биринчи орун басар, андан кийин милдетин аткаруучу, акыры барып аны аппарат жетекчиси, шоопурун биринчи орун басар кылып тынды.

Эмнеге антти? Мынча кеп сөзгө калбай эле, койо турган болсо башында эле шак эткизип койуп салса, «Илмиянов эң ишенимдүү адамы, ошон үчүн көтөрүп жатат, эми аппарат жетекчи, андан кийин премьер-министр кылат экен, Акайич деле лаборантын премьер кылбады беле, ой лаборант деген шоопур эмес да, ал деген илимий кызматкер, жазганды билет да, аны оталгыч толгогондон башканы билбеген шоопур менен салыштырганга болбойт да», деген кептер чыкпайт эле го?

Мындай жеке кызыкчылыктар менен тыгыз байланышкан кадрдык жүрүштөрдү Жантөрө Сатыбалдиев да улантып, кыйын кезеңде А.Атамбаевге арка бел болуп, «торпедо» сыяктуу кызмат өтөгөн ИИМдин жетекчиси Зарылбек Рысалиевди кызматынан алып түштү. Айрым пикирлерге караганда, З.Рысалиевди кызматтан алууга Ж.Сатыбалдиев мародерчулукту жапкысы келгендер менен биригип аракеттенип А.Атамбаевди көндүрүүгө жетишкен.

З.Рысалиевдин колдоочулары нааразычылык акцияларын уюштурууга бел байлашып, экс министрди коргоо комитетин түзүшүп, жетекчилигине белгилүү коомдук ишмер, «Алиби» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековду дайындашканы маалым болду. Алардын айтымында, Жантөрө Сатыбалдиев президенттин аппаратына жетекчи болгон күндөн тарта, «Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш ишин, ошондой эле өзүнө тиешеси бар төрт кылмыш иштерин жап» деп талап кылып келген. Акыры З.Рысалиев макул болбой, сөгүшүп кетишкенге чейин жетишип, ортодогу мамиле бузулган.

Анан Ж.Сатыбалдиев премьер- министрлик кызматка дайындалаары менен, З.Рысалиев кызматтан алган Ж.Жакыповду өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары кылып дайындап, ИИМдин ишин иликтөөчү комиссия түзүп, ИИМдин жетекчисин туш тарабынан кысмакка алуу күч алып, натыйжада министр арызын жазууга мажбур болгон экен. Дагы бир кайчы пикирге караганда өкмөт башчы түзгөн комиссия ИИМде бир топ финансалык мыйзам бузууларды, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууларды аныктап ошонун негизинде З.Рысалиев кызматынан кетүүгө мажбур болгондугу айтылууда.

Балким, З.Рысалиев чындап эле кызматтан алууга жетишээрлик кемчиликтерди кетирип, ошонун айынан арыз жазууга мажбур болгондур. Бирок андай болсо, анда эмне үчүн төрт кылмыш иштин фигуранты премьер болуп отурат? Анан, «өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн көзүндөгү чылпакка асылганы» кандай? А президент кайда карап отурат? Калыстык, акыйкаттык, адилеттүүлүк кайда? Мына ушундай суроолор коомчулуктун тынчын алып, бийликке каршы нааразычылыктар күч ала баштады.

Чүй, талас,көл, түштүк тараптан чогулган 300гө чамалуу адам «Байсуу» кафесине чогулуп, З.Рысалиевди коргоо комитетин түзүп, Ж.Сатыбалдиевди отсавкага кетирип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу талаптары менен өкмөт үйүнүн алдына (эски аянтка) митинге чыгууга даярдык көрө баштады. Жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу коом ашкере саясатташып, ЖКнын депутаттары камалып турган маалда өкмөттүн кетишин талап кылып эл көтөрүлсө кандай болот? Нааразычылыктардын арты барып, «баарын үстүнөн тескейт» деп ишенген президентке кедергиси тийбейби?

Канткен күндө да таластыктардын демилгеси менен башталып жаткан иш-чара, буга чейинки болуп келген нааразылардын санын арбытып, сапатын кескин өзгөртөөрү шексиз. Кайран Жантөрө кантээр экен (?), жыл аягына жетпей ордунан учуп кетпес бекен? Же, андан жогоркуларга чейин жетеби?


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД