Кыргызстандагы жалгыз тамеки чыгаруучу ишкана өндүрүшүн 3,6 эсеге кыскартты

Кыргызстандагы жалгыз тамеки чыгаруучу “Реемстма-Кыргызстан” ААКы 2012-жылы өндүрүшүн 3,6 эсеге кыскартты. Бул тууралуу Мамлекетик салык кызматынын (МСК) коллегиясында МКСтин кирешелерди эсептөө жана декларацияларды кайта иштеп чыгуу башкармалыгынын жетекчи милдетин аткаруучу Искендер Алымбеков билдирди.

Анын айтымында, компания бул жылы болгону 1 млрд даана тамаки чыгарган.

“Өндүрүш кыскаргандыктан акциздик салык да төмөндөдү. Акциздик салык боюнча түшкөн 300 млн сом тамекини бажыдан алып өтүүдө түшкөн жыйымдар”, - дейт Алымбеков.

МСКнын төрагасы Исхак Масалиев акциздик салыкты жыйноо боюнча иш ордунан чыкпай калгандыгын айтты.

“Жалпысынан бюджет үчүн акциздик салык жеке ишканаданбы же импорттун эсебинен келеби анчалык деле маанилүү эмес. Бирок, жергиликтүү өндүрүш жумушчу орундарын түзгөндүктөн атамекендик ишканалар бул жагынан керектүү”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД