Бүгүн Меккеден Кыргызстанга 196 зыяратчы кайтып келет

Бүгүн 2-ноябрда Меккеден Ошко 196 зыяратчы учуп келет. Бул тууралуу муфтий милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев “ВБ”га билдирди.

Ал зыяратчылардын акыркы тобу Кыргызстанга 17-ноябрда учуп келерин белгиледи.

2012-жылы жалпысынан 4,5 миңден ашуун кыргызстандык ажылыкка барышты. Ажылык учурунда 5 киши каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД