Жогорку Кеңеште шахмат боюнча турнир өтүүдө

Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттарынын, Аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда шахмат боюнча турнир старт алды. Турнирди Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков ачып, катышуучуларды Жогорку Кеңештеги шахмат күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев шахмат турнирин өткөрүүнү колдогон кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, бул оюндун жаштарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун белгиледи.

Жогорку Кеңеште өтүп жаткан шахмат турнирине депутаттар, Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлери болуп, 60ка жакын адам катышып, шахмат тактасында күч сынашат. Оюн жүрүшүнө Кыргызстандын шахмат федерациясынан келген өкүлдөр калыстык кылышат. Анын жеңүүчүлөрүнө баалуу байгелер тапшырылат. Турнир эртең, 3-ноябрда жыйынтыкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД